Сузак районуна караштуу Көк-Арт айылдык өкмөтү кенже кызмат орундары боюнча кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
КЕНЖЕ КЫЗМАТ ОРУНУНА
ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Кесиптик билимдин деңгээли:
жогорку же атайын орто кесиптик билим бардык профилдеги багыттар боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
Стажына карата талап коюлбайт;
Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:
Негизги тест:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тест:
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” 67 Мыйзамы;
КӨНДҮМДӨР:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу;
БИЛГИЧТИГИ:
Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
божомолдоо, жалпылоо,мониторинг жүргүзүү,контролдоо жана аларды чечүүгө жаны ыкмаларды киргизүү;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР
ТАПШЫРЫЛАТ:
Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (күбөлөндүрүлгөн);
нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтерди көчүрмөлөрү (бар болсо);
Паспорттун көчүрмөсү;
Өмүр баяны соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен;
4*6 өлчөмүндө 2 дана сүрөт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2025-жылдын 03-июлунан 12-июлуна чейин 10 күн ичинде кабыл алынат.
Дареги: Жалал-Абад областы,Сузак району, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн имараты 3-кабинет байланыш телефону: 0778-66-30-80